Эскертүү! Кыргызстанда күн кайра катуу ысыйт

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЫсык аба учурунда көчөдө жүргөн кыз. Архив
Ысык аба учурунда көчөдө жүргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Жазылуу
Кыргызгидромет агенттиги өлкө аймагында сел жүрөрүн, андан кийин аба ырайы кескин ысык болорун кабарлады.

БИШКЕК, 21-июл — Sputnik. Кыргызгидромет жарандарга эскертүү берди.

Маалыматка ылайык, 21-23-июль күндөрү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолорунда жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн.

Ал эми 24-июлдан 27-июлга чейин аптаптуу ысык болору болжолдонууда.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күндүз ысыктын табы +38…+40 градуска, Талас облусунда +37…+39 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0