Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын эки компонентин 100 миң адам алды

© VYACHESLAV OSELEDKOМедайым коронавируска каршы вакцинаны даярдап жатат. Архив
Медайым коронавируска каршы вакцинаны даярдап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Жалпы жонунан 400 миң адам эмделген. Алардын ичинен 100 миңи вакцинанын толук курсун алышты. Министрлик жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

БИШКЕК, 22-июл. – Sputnik. Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын эки компонентин 100 миңден ашык адам алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпы жонунан 400 миң адам эмделген. Алардын ичинен 100 миңи вакцинанын толук курсун алды.

"Бул сандар бизди жамааттык иммунитетке жетүүгө, бардык аймактарды жашыл зонага киргизип кадимки жашоого өтүүгө жакындатууда", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик жарандарды вакцина алууга чакырып, коомдук жайларда аралыкты сактоону суранды.

Жаңылыктар түрмөгү
0