Кыргызстанда бул күндөрү 20 миңден ашуун киши COVID менен күрөшүп жатат

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер ооруканада бейтаптар менен. Архив
Медициналык кызматкерлер ооруканада бейтаптар менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Республиканын ар кыл аймагындагы ооруканаларда жаткандардын ичинен бир жарым миңден ашык бейтаптын абалы оор болууда.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Расмий маалыматтар боюнча, бул күндөрү Кыргызстанда коронавирус менен 20 365 адам ооруп жатат. Бул туурасында Республикалык штабдын маалыматында айтылды.

Учурда ооруканаларда 4 356 бейтап коронавирус менен алпурушуп жатат.

Алардын абалы боюнча маалымат төмөнкүдөй:

  • 56 бейтап канааттандырарлык абалда;
  • 2 850 кишинин абалы орточо оор;
  • 1 224 адам — оор абалда;
  • 226 киши өтө оор абалда өмүр үчүн күрөшүп жатат.

Ал эми республиканын ар кыл аймактарында 16 009 бейтаптын үйдө дарыланып жатканы кабарланды.

Бүгүнкү маалыматта 1 169 адам вирус жуктурса, 12 бейтап ооруну жеңе албай калганы айтылды. Ал эми айыгып кеткендердин саны арбыныраак болуп, 1 837 кишиге жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0