Милиция Өзгөндө катуу сабалган эки жарандын видеосу боюнча маалымат берди

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкери. Архив
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Иликтөөнүн жүрүшүндө Өзгөн районунун Кочкор-Ата айылынын 56 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал эки уулу менен күйөө баласын айыл тургундары сабап кеткенин билдирген.

БИШКЕК, 22-июл. – Sputnik. Ош облустук ички иштер башкармалыгы Өзгөн районунда эки жарандын катуу сабалгандыгы боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, милицияга Ош облустук ооруканасынан телефон аркылуу маалымат түшкөн. Анда Өзгөн районунун Кочкор-Ата айылынын 28 жаштагы тургуну Б.И., 33 жаштагы Б.Ч. жана Базар-Коргон районунун 32 жаштагы М.А. аттуу тургуну жаракат алып кайрылышканы айтылган.

Факт Ош ОИИБде катталып, ыкчам тергөө тобунун өкүлдөрү Ош облустук ооруканага барышкан.

Тапанчаны кармап турган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
УКМКнын мас кызматкерлери эс алуучуларды сабаганбы? 
Иликтөөнүн жүрүшүндө Өзгөн районунун Кочкор-Ата айылынын 56 жаштагы тургуну Б.Б. арыз менен кайрылган. Ал 17-июлда саат 21:30дар чамасында эки баласы менен күйөө баласын Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Жайылма жайлоосунда У. А. аттуу адам достору менен сабап кеткенин билдирген.

Факт Жазык кодексинин 266-беренесинин ("Ээнбаштык") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Учурда кылмышка шектүү адамдарды тактоо жана мыйзамдуу чара көрүү боюнча тергөө амалдары уланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Сеңир айылында үч жигит топ балдар тарабынан сабалганы боюнча видео социалдык тармактарга тараган. Андагы маалыматка караганда, сабалган жарандар чөп оруп жатканда бирөөнүн жылкысы ошол орулган чөпкө кирип кеткен. Мал ээсине "жылкыңарды айдабайсыңарбы" деп кайрылгандан кийин чыр чыккан. Кийинчерээк жылкы ээлери топ бала менен келип, үч тургунду сабап кеткени айтылган. Экөө оор абалда ооруканада жаткандыгы жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0