Баткендин 10 бүтүрүүчүсү Томскидеги университеттен бекер билим алышат

© Фото / сайт ТГАСУ Томский государственный архитектурно-строительный университет
 Томский государственный архитектурно-строительный университет - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Июнь айында элчи Гүлнара-Клара Самат Баткендеги кыргыз-тажик чек ара чырынан жабыркаган аймактарга барган. Анын алкагында жаштарга колдоо көрсөтүү үчүн Россиядагы окуу жай менен келишим түзүлдү.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Баткен облусунун 10 абитуриенти Томск мамлекеттик архитектура жана курулуш университетине бюджеттик формада тапшыра алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында элчи Гүлнара-Клара Самат облус калкына колдоо көрсөтүү иш-чараларынын алкагында барган. Кийин элчилик тарабынан балдарга билим берүү маселеси иштелип чыккан.

"Баткендин 10 бүтүрүүчүсү Томскиден Кыргызстанда талап күч болгон инженердик-техникалык кесиптерге ээ боло алышат. Балдар бюджеттик формада окушат", — деп айтылат маалыматта.

Элчилик Баткендин жаш тургундары келечекте окуусун ийгиликтүү аяктап, Кыргызстандын архитектура жана курулуш тармагына салым кошот деп ишенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0