Турак жайда радиатор орнотуу учурунда. Архив

Жылытуу үчүн үч фазалуу электр энергиясын колдонууга кимдерге тыюу салынат

292
(жаңыланган 17:27 22.07.2021)
Акыркы күндөрү социалдык тармак колдонуучулары энергетиктерден жылытуу үчүн электр энергиясын колдонууга тыюу салынары тууралуу билдирүүлөр келе баштаганын жазууда.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан редакциясына окурмандар кайрылып, "Түндүк электр" ишканасынан жылытуу үчүн үч фазалуу электр энергиясын колдонууга тыюу салынышы мүмкүн деген билдирүү алганын айтышты.

Энергетиктер билдирүүсүндө быйыл кургакчылык болуп жатканына байланыштуу электр энергиясын болушунча үнөмдөп, мүмкүн болсо альтернативдүү энергия булактарына өтүүнү сунушташкан.

"Электр казандарга 2021-жылдын 1-августунан баштап пломба коюлат. Катуу күч келип турган учурда электр энергиясын колдон келишинче үнөмдөө керек. Андай болбосо абонентке электр энергиясын жеткирүү боюнча келишим жокко чыгарылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Sputnik агенттиги маалыматтын чын-төгүнүн билүү үчүн "Түндүк электр" ишканасына кайрылды.

"Пломба коюу боюнча айтсак, эгер күз-кыш мезгилинде электр энергиясы тартыш болсо, техникалык шарттарында "жылытуу укугу жок" деп жазылган абоненттерге чектөө коюлушу мүмкүн", — дешти маалымат кызматтан.

Июнь айынын ортосунда кыргызстандыктарга негизи эле жылытууга электр эгергиясын пайдаланууга тыюу салынары тууралуу билдирүүлөр келгени айтылган.

"Күз-кыш мезгилинде электр жана башка жылытуучу шаймандарды колдонууга тыюу салынат. Эреже бузган абоненттерге электр энергиясы чектелүү гана бериле баштайт, — деп жазылган билдирүүдө.

Анда дагы "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы мындай билдирүү техникалык шарттарында "жылытуу укугу жок" деп жазылган абоненттерге гана таратылып жатканын айткан.

292
Белгилер:
чектөө, кыш, электр энергиясы, Кыргызстан
Тема боюнча
Жаңы тариф боюнча электр кубаты менен жылуулуктун төлөмү канчага көбөйөт
Электр энергиянын тарифин 1-сентябрдан тарта кымбаттатуу пландалууда
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архивное фото

ЖК депутаты: Садыр Жапаров бизди сый тамакка чакырды

18
(жаңыланган 17:44 27.07.2021)
Эл өкүлүнүн айтымында, мындай сый тамак жыл сайын уюштурулат жана бул жолу эч кандай саясий маселе талкууланбайт.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров сессиялар жыйынтыкталып жатканына байланыштуу парламент депутаттарын сый тамакка чакырды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына эл өкүлү Умбеталы Кыдыралиев билдирди.

Анын айтымында, мындай сый тамак жыл сайын уюштурулат жана бул жолу эч кандай саясий маселе талкууланбайт.

Анткен менен айрым парламентарийлер шайлоо боюнча мыйзам долбоору талкууланарын айтса, башкалары эмне үчүн чакырылганын таптакыр билбей турганын билдиришти.

Ал эми президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Жапаровдун депутаттар менен бейрасмий жолугушуусу пландалганын, учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болорун айтты.

Буга чейин аталган жолугушууга чакыруу алганын депутат Айсулуу Мамашова айтып, иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөрүн кошумчалаган.

Белгилей кетсек, өткөн жумада 21-июль күнү да ЖК депутаттары Садыр Жапаров менен жолугуп, шайлоо системасы боюнча сунушталган мыйзам долбоору ортого салынган. Анда эл өкүлдөрүн ЖК имаратынын жанынан автобуска салып алып кетишкен.

18
Белгилер:
тамак, депутат, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Депутаттар Садыр Жапаров менен жолугуу үчүн бүгүн да резиденцияга барышат
Депутат Тотонов: Бишкек шаар эмес эле ат сарай, иткана болуп калды 

Шумкар асманда учкан дронго кол салып, аны илип кетти. Видео

19
Социалдык тармактарда шумкардын квадракоптерге чабуул койгон видеосу тарады. Жырткыч куш аппаратты мыкчып алып кеткен.

Россиялык ЖМКлар жазгандай, окуя Камчатка аймагында жергиликтүү блогер табияттын кооздугун тартып жатканда болгон.

Жырткыч куш учуучу аппаратка кол салган. Кадрдан көрүнүп тургандай, шумкар дронду учуп бара жаткан жеринен илип кеткен. Аппаратты асманда бир кыйла аралыкка чейин мыкчып барып, саздак жерге таштап койгон.

Маалым болгондой, дрон GPS координаттары аркылуу табылган.

19
Белгилер:
окуя, Камчатка, Чабуул, дрон, шумкар
Тема боюнча
Аюулар дронго кол салганда... Сахалинде тартылган видео
Көзүн чокуп... Шумкар менен кескелдириктин беш сааттык кармашы. Видео