Экс-дипломат Нургазы Кемелбаев. Архивдик сүрөт

Дипломатия академиясын түптөгөн Нургазы Кемелбаев көз жумду

87
(жаңыланган 19:36 22.07.2021)
Кемелбаев көп жылдар бою СССРдин, андан соң эгемен Кыргызстандын дипломатиялык кызматтарында иштеген.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Көпкө созулган оорудан кийин экс-дипломат Нургазы Кемелбаев көз жумду. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлады.

Маркумду жерге берүү зыйнаты эртең, 23-июлда, саат 10:00дө өтүп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Кемелбаев 1939-жылы Ысык-Көл облусунун Аксай айылында туулган.

Эмгек жолун англис тилин окутуучу, орто мектептин мугалими жана райондук партия комитетинин инструктору болуп баштаган. Андан кийин 1974-жылы СССРдин дипломатия тармагында Индиянын Калькутта шаарындагы Башкы консулдугунун вице-консулу болуп эмгектенген.

Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) төрагасы Артем Новиковдун архивдик сүрөтү
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1978-1995-жылдары Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигинин башкы кеңешчиси, КРдин ТИМинин эл аралык уюмдар, пландоо жана тышкы саясаттын экспертиза бөлүмүнүн башчысынын орун басары, КРдин Түркиядагы элчилигинин кеңешчиси, КМШ башкармалыгынын жана маалымат бөлүмүнүн кеңешчиси болуп иштеген.

Нургазы Кемелбаев 2001-жылы КРдин Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын жетектеп, улуттук дипломатия мектебин өркүндөтүп, көптөгөн келечектүү адистерди даярдаган.

Мамлекетке жасаган өзгөчө эмгеги бааланып, Даӊк медалы, кыргыз өкмөтүнүн Ардак грамотасы, Россия Федерациясынын биринчи даражадагы Горчаков ордени менен сыйланган. Ага "Кыргыз Республикасынын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси" дипломатиялык рангы, ошондой эле республика үчүн дипломатиялык кадрларды үзүрлүү даярдагандыгы үчүн "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери" ардак наамы ыйгарылган.

Өлкө президенти Садыр Жапаров баш болгон бийлик өкүлдөрү Нургазы Кемелбаевдин дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Некрологдо Кемелбаевдин өмүрүн татыктуу жашап өткөнү, абдан чынчыл, боорукер жана кесиптештеринин урмат-сыйына татыган, өз муунунун мыкты өкүлү болгону белгиленген.

87
Белгилер:
өлүм, Кыргызстан, дипломат
Тема боюнча
Медакадемияда каргашалуу июлда көз жумган ыктыярчы Адинайдын бюсту орнотулду
Кыргызстандык оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков. Архив

Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Токиого жөнөп кетти. Сүрөт 

4
(жаңыланган 11:55 26.07.2021)
Расулбеков Бишкек убактысы боюнча 31-июль күнү саат 16:50дө беттешке чыгат. Ал күч сынашчу А тайпасында 10 оор атлетчи бар экени айтылды. 

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандык оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиада оюндарына катышуу үчүн Токио шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.  

Спортчуну башкы машыктыруучусу Камбар Токтоналиев менен улук машыктыруучусу Өмүржан Молдодосов коштоп кеткен.  

Команданы аэропортко чейин Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын кызматкерлери узатып барышкан.  

Белгилей кетсек, Бекдөөлөт Расулбеков Бишкек убактысы боюнча 31-июль күнү саат 16:50дө беттешке чыгат. Жалпы 96 килограмм салмактык даражада 15 спортчу катышса, спортчунун А тайпасында 10 оор атлетчи бар.

4
Белгилер:
мелдеш, оор атлетика, Бакдөөлөт Расулбеков, олимпиада, Токио
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Олимпиада: кыргызстандык Петров фехтованиеде экинчи турда утулуп калды. Видео  
КР спортчулары Олимпиаданын ачылышына бет капсыз чыкканы боюнча комитет үн катты  
Барселонадагы көчөлөрдүн биринде илинип турган сүрөт. Архивдик сүрөт

Окумуштуулар: COVID менен ооруган адамдардын интеллект деңгээли төмөндөйт

11
(жаңыланган 11:46 26.07.2021)
Улуу Британиялык окумуштуулар COVID-19га чалдыккан адамдын акылы кайтарылгыс деңгээлде төмөндөй турганын тастыкташты.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Лондондогу Империялык колледждин жана Кембридж университетинин окумуштуулары COVID-19 илдетинен жабыркаган бейтаптардын интеллект деңгээли олуттуу төмөндөгөнүн аныкташкан. Бул тууралуу эл аралык басылмаларга таянып Sputnik Казакстан жазды.

Алар 81 337 кишини катыштырып тажрыйба жүргүзүшкөн. Анын 12 689у COVID-19дун ар кандай формасы менен ооруган. Аң-сезимдин мүмкүнчүлүктөрүнүн аспектилерин өлчөө максатында тесттик тапшырма даярдалган. Натыйжада ооруга чалдыккандардын көпчүлүгү, анын ичинде жеңил түрү менен сыркоологондор да вирус жукпагандарга караганда тапшырмаларды аткарууда кыйналышкан. Айрыкча, аргументтерди жана пландоо көндүмдөрүн талап кылган маселелерди чече алышкан эмес.

Мындан тышкары, узакка созулган COVID-19дун симптомдору катары "мээдеги башаламандык", ойду бир жерге топтой албагандык аталды.

Психиканын бузулушунун олуттуулугу бир жагынан оорунун күчтүүлүгүнө байланыштуу болгон. Жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылышы керек болгон бейтаптарда эң чоң кыйынчылыктар аныкталган. Тагыраагы, алардын аң-сезиминин деңгээли жети пунктуга төмөндөгөн. Мындай көрүнүш инсультка кабылып, бир нерсени үйрөнүүгө жөндөмү жок болуп калгандарда да байкалган эмес.

Ошондой эле окумуштуулар таанып-билүү жөндөмүнүн төмөндөшү менен вирус жуккандан бери өткөн убакыттын ортосундагы байланыштын бар-жогун текшеришкен. Натыйжада эч кандай байланыш байкалбай, COVID-19 орду толгус кесепеттерге алып келет деген бүтүмгө келишкен.

Буга чейин Берлиндеги Charite университетинин клиникасынын биологдору SARS-CoV-2 адамдын мээсине жыт сезүүчү былжыр челиндеги нерв клеткалары аркылуу кирерин аныкташкан. Бул адамдагы баш оору, чарчоо жана "мээдеги башаламандык" сезими сыяктуу неврологиялык көйгөйлөргө алып келет.

11
Белгилер:
окумуштуулар, интеллект, илдет, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Коронавируска каршы күнү-түнү эмдеген пунктулардын дареги
Коронавирус адамды бат карытат. Процессти кантип жайлатуу керек
Коронавирус дагы 12 кишинин өмүрүн алды. 26-июлдун статистикасы