БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Бишкек менен Чүйдүн чет жакаларында коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн 15 ооруканада 613 орун бар. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Бул 23-июль саат 8:00гө карата берилген маалымат.
Бош оруну бар ооруканалардын тизмеси:
- Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 44;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 24;
- №1 шаардык клиникалык оорукана — 62;
- Чүй облустук бириктирилген оорукана — 6;
- Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 31;
- Улуттук онкология жана гематология борбору — 30;
- Улуттук госпиталь. Урология корпусу — 6;
- Улуттук госпиталь (мобилдик госпиталь) — 20;
- Наркология боюнча улуттук борбор — 32;
- Аскердик госпиталь — 15;
- Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 163;
- Улуттук госпиталь (Нейрокорпус) – 35;
- Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 93;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 21;
- КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 17.
Кечээ күнкүгө салыштырмалуу бүгүн ооруканалардагы бош койкалардын саны 16га аз болду. Соңку суткада 1 127 адам вирус жугузуп, 10 бейтап көз жумду.