Токио Олимпиадасына аткаминерлер эмнеге баратат. Расмий түшүндүрмө

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүТокиодогу Олимпиада стадиону. Архив
Токиодогу Олимпиада стадиону. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Жазылуу
Буга чейин ЖМКлардын бири Олимпиадага барчу делегациянын курамына аткаминерлер, жадагалса депутаттар дагы киргенин жазган.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Токиодогу Олимпиада оюндарына бир нече чиновник кетти. Бул туурасында президенттик администрациянын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнөн билдиришти.

Буга чейин ЖМКлардын бири Олимпиадага барчу делегациянын курамына аткаминерлер, жадагалса депутаттар дагы киргенин жазган.

Андагы маалыматка ылайык, Токиого президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев, билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Шабданбаев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев барат.

"Японияда өткөн Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандап алуу турундагы тажрыйба ар кандай негативдүү жагдай жаралганда биздин спортчулар кызыкчылыгын коргоого муктаж болорун көрсөттү. Дал ушунун айынан улуттук курама команданын таламын талашуу жана координациялоо үчүн президенттик администрациянын жана тиешелүү структуралардын өкүлдөрүн жөнөтүү чечими кабыл алынды. Бир ЖМК жазгандай, дарыгер, массажисттердин ордуна баратышкан жок, спортчулар менен бирге аларды колдоо үчүн барат. Депутаттар делегациянын курамында жок", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Олимпиада ачылышында КРдин туусун эки спортчу көтөрүп чыкмай болду. Себеби  
Ошондой эле Касымалиев Олимпиада оюндарынын ачылышына, Байтерек жабылуу аземине катышары айтылды.

"Бардык аткаминерлер япон тараптын чакыруусу менен барат. Каражатты үнөмдөө максатында бир квота эки адамга — Касымалиев менен Байтерекке бөлүнүп берилди. Сапардын уюштуруучусу Улуттук олимпиада комитети", — деп билдиришти президенттик администрациядан.

Буга чейин Токио Олимпиадасына барчу улуттук курама команданын делегациясынын тизмеси жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0