Жапаров: жакында Sinopharm вакцинасынан дагы 1 млн. 250 миң доза алынат

© AFP / AIZAR RALDESCOVID-19 каршы Sinopharm Кытай вакцинасы. Архив
COVID-19 каршы Sinopharm Кытай вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Жазылуу
Өлкө башчы бүгүн борбор калаадагы соода борборлорунун биринде жайгашкан вакцинациялоо пунктунан эмделген.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргызстан жакын арада Sinopharm вакцинасынан кошумча 1 миллион 250 миң доза сатып алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров уулу экөө эмделгенден кийин айтканын маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, өлкө башчы бүгүн борбор калаадагы соода борборлорунун биринде жайгашкан вакцинациялоо пунктунан коронавируска каршы эмделген.

Маалыматта Жапаровго эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу паспорт берилгени айтылды.

Президент кыргызстандыктарга кайрылып, вакцина алуу чечими ар бир адамдын жеке иши экенин, эч ким эч кимди иммунизацияга мажбурлабастыгын белгиледи.

Анын айтымында, акыркы убакта коомчулукта ар кандай чындыкка дал келбеген маалыматтар, анын ичинде коңшу өлкөлөр Кыргызстанга бекер вакцина берип, өлкө калкынын 70 пайызын эмдөөдөн өткөрүүнү талап кылып жатат деген туура эмес маалыматтар тарап жатат.

"Жапаров Кыргызстан бюджеттик каражаттын эсебинен Кытайдын Sinopharm вакцинасынан 1,1 миллион доза сатып алгандыгына көңүл бурду. Буга чейин Кытай бийлиги жалпысынан аталган вакцинанын 300 миң дозасын Кыргызстанга кайтарымсыз берген, бул үчүн кыргыз тарап аларга ыраазычылыгын билдирерин белгиледи. Мындан тышкары, Россиядан 120 миң доза вакцина сатып алынганын, ал эми 10 миң доза вакцина кайтарымсыз негизде берилгенин айтып өттү, — деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчысы жакын арада Sinopharm вакцинасынан 1 миллион 250 миң доза кошумча партия сатып алынарын баса белгиледи.

Буга байланыштуу ал кыргызстандыктарга кайрылып, эл арасында тарап жаткан ушак-айыңдар менен жалган маалыматтарга ишенбөөгө үндөп, калкты жакындарынын жана жалпы коомдун саламаттыгын коргоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0