Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКиши кол чатыр менен жаан учурунда. Архив
Киши кол чатыр менен жаан учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Жазылуу
24-июлда республика аймагында ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Ишембиде тоолуу райондордо туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +34…+39, Талас өрөөнүндө +33…+38, Ысык-Көл чөлкөмүндө +26…+31, Нарын облусунда +27…+32 градус жогорулайт.

Күндүн табы Бишкек, Ош шаарларында +37…+39, Чолпон-Атада +26…+28 градус ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0