Жусуп Абдрахмановго арналган тасманын сценарийине сынак жарыяланды

© Фото / иллюстрации из книги Ж. Абдрахманова "1916. Дневники. Письма к Сталину"Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахманов. Архив
Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахманов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Жазылуу
Ушул жылдын 15-октябрына чейин билдирмелер кабыл алынса, 15-ноябрга чейин атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жеңүүчү аныкталат.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун бейнесине арналган көркөм тасманын сценарийине сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Сынак эки этапта өткөрүлөт. Ушул жылдын 15-октябрына чейин билдирмелер (сценарийлер) кабыл алынса, 15-ноябрга чейин атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жеңүүчү аныкталат.

"Конкурстун максаты Жусуп Абдрахмановдун Кыргызстандын түптөлүшүнө кошкон салымын эске алуу менен жаш муундарды патриоттуулук нукта тарбиялоого салым кошуу, атуулдардын арасында патриоттук ойлорду жана маданий баалуулуктарды даңазалоо болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2021
Сый акыны алып кеткиле! Кыргызпатент авторлор менен аткаруучуларга кайрылды
Көркөм фильмдин сценарийинде оригиналдуу сюжет камтылып, тыюу салынган аракеттер болбошу керектиги белгиленди.

Катышуучулар билдирмени, тасманын сценарийин, резюмесин жана фильмографиясын жөнөтүүсү зарыл. Кенен маалыматты министрликтин социалдык тармактагы баракчасынан, ошондой эле 0312 301042 жана 0312 300265 номерлери аркылуу алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0