Калкты тейлөө борборлорунан эми соттолбогондук боюнча справка алса болот

CC0 / Pixabay / Free-PhotosОбращение к психологу
Обращение к психологу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Жазылуу
Буюртма берген справканы Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар боюнча башкы башкармалыгынан да алууга болот.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. 26-июлдан тарта Бишкектин Калкты тейлөө борборлору соттолбогондук тууралуу справка алуу үчүн арыздарды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Деятельность центров обслуживания населения в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Эми калкты тейлөө борборлорунан никеде турбагандык боюнча справка алса болот
Бул кызмат көрсөтүү баш калаанын калкты тейлөө борборлорунда арыз тапшыруунун жана арыз ээсинин убактысын үнөмдөөнүн эң ыңгайлуу жолу катары ишке ашырылууда. Жарандын соттолбогондугу тууралуу кагаз эң зарыл документ болуп саналат.

Толтурулган арыз ИИМге жөнөтүлүп, жети күндөн кийин күбөлүктү министрликтин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын Курманжан датка көчөсү, 115 дарегиндеги Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр борборунан алууга болот.

Эгерде справканы тез арада алуу зарыл болсо, анда аны бир же үч күндөн кийин акы төлөп алуу мүмкүнчүлүгү жаралды.

Бишкектин Калкты тейлөө борборлорунда "өзүн-өзү тейлөө" аймагы бар, анда жарандар ушул справкаларды алуу үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрыла алышат. Башкача айтканда, ИИМдин башкармалыгына барып убаракерчилик тартышпайт. Ар бир адам өзү үчүн ыңгайлуу жагын тандай алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0