Эмдөөдөн өттү деген сертификатты кайсы жерден жана кантип алууга болот 

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүЭмдөө сертификаты менен медициналык кызматкер. Архив
Эмдөө сертификаты менен медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2021
Жазылуу
Сертификатты сайттан PDF форматында жана жеке берилген QR-код менен чыгарып алса болот. Ал үчүн паспорттогу маалыматтарды көрсөтүү керек.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатты кайсы жерден жана кантип алууга болорун айтып берди.  

COVID-19га каршы эмдөө боюнча сертификатты жарандар коопсуз жана онлайн режиминде төмөнкү жолдор менен ала алат:  

  • алгач vc.emed.gov.kg расмий сайтындагы "Сертификат" бөлүмүнө кирүү керек;  
  • КР жарандары персоналдык жеке номерин (ПИН), ID-картанын сериясын жана номерин терет; 
  • чет элдиктер паспорттун номери менен аты-жөнүн жазат. 

Сертификат PDF форматында жана индивидуалдуу берилген QR-код менен чыгарылат. 

Министрлик электрондук сертификатты алуу үчүн электрондук кол тамга кереги жок экенин эскертти.  

Буга чейин вакцина алгандыгы тууралуу сертификатты portal.tunduk.kg порталындагы "саламаттык сактоо" деген бөлүмү да көрсөтүп жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0