Мэрия шаардык кеңешке маршруткадагы жол кире маселесин кароону сунуштады 

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектин жолундагы троллейбус жана маршрутка. Архив
Бишкектин жолундагы троллейбус жана маршрутка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты комитеттин жыйынында маршруткалардагы жол кире тарифи боюнча маселе кандайча чечилерине кызыкты.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаардык кеңештен биринчи эле жыйынында коомдук транспорттогу жол кирени көтөрүү маселесин карап берүүнү өтүндү. Бул тууралуу ЖКнын бюджет жанан финансы комитетинин жыйынында вице-мэр Максат Сазыкулов билдирди. 

Депутат Айнура Аскарова маршруткалардагы жол кире тарифи боюнча маселе кандайча чечилери тууралуу суроо узаткан. 

“Тарифтерди көтөрүү боюнча сунушту шаардык кеңештин депутаттарына бердик. Маршруткадагы жол акыны – 15, автобус менен троллейбустардыкын 11 сомго жогорулатуу сунушталууда. Учурда биз шаардык кеңештин биринчи жыйынын күтүп жатабыз. Маселени алгачкы эле жыйында карап берүүнү өтүнгөнбүз”, – деди  Сазыкулов. 

Работа патрульной милиции в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
Ичип алып рулга отургандар көбөйдү. Чүйдөгү рейддин көңүл чөгөргөн жыйынтыгы
Анын айтымында, Бишкек мэриясынын балансында 476 автобус болсо, анын 140ы гана иштейт. 

“183 троллейбустун 110у гана линияга чыгат. Ал эми 3000 маршрутка каттоодон өткөн болсо, 900-1 300ү эл ташыйт”, – деди  вице-мэр. 

Эске салсак, июндун башында Бишкектин маршрутка айдоочулары жол кире акысын көтөрүүнү талап кылып иш таштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0