Штаб: COVID менен ооругандар азайды, бирок кырдаал кыйын бойдон турат

© AFP / SANJAY KANOJIAМедициналык кызматкер ооруканада. Архив
Медициналык кызматкер ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
Жазылуу
Коронавирус боюнча кырдаал турукташканга чейин той-мааракелерди жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү сунушталбайт.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус менен ооругандар азайды, бирок эпидемиологиялык кырдаал кыйын бойдон турат. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Ошондой эле штаб организмди COVID-19дан коргоо жана кайрадан ооруп калбаш үчүн санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактап, вакцина алуу зарылдыгын эскертти.

"Эки күн катары менен коронавирус жуктургандардын саны 1000ден аз болууда. Бирок кырдаал турукташканга чейин той-мааракелерди жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү сунушталбайт. Менчигинин түрүнө карабай бардык мекемелерде, коомдук транспортто бет кап тагып жүрүү шарт", — деп жазылган маалыматта.

Ал эми бүгүнкү күндө 352 миң 877 адам коронавируска каршы эмделгени маалым болду. Анын ичинен 107 826 киши анын экинчи дозасын да алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0