Өлкөдө 17 миңден ашуун киши COVID менен ооруп жатат. Аймактар боюнча маалымат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМедициналык кызматкерлер ооруканада. Архив
Медициналык кызматкерлер ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Жазылуу
Учурда ооруканаларда 3 935 бейтап коронавирустан дарыланып жатса, 201 кишинин абалы өтө оор экени айтылды.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Расмий маалыматтар боюнча, бул күндөрү Кыргызстанда коронавирус менен 17 207 адам ооруп жатат. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Алардын ичинен ооруканаларда 3 935 бейтап, ал эми амбулатордук шартта (үйдө) 13 272 бейтап коронавирус менен күрөшүүдө.

Аймактарга бөлө келгенде төмөнкүдөй:

  • Бишкек – 1601 бейтап;
  • Ош шаары – 108;
  • Чүц облусу – 803;
  • Ош облусу – 237;
  • Талас облусу – 88;
  • Нарын облусу – 130;
  • Ысык-Көл облусу – 474;
  • Жалал-Абад облусу – 296;
  • Баткен облусу – 198.

Бейтаптардын абалы:

  • 50 бейтап канааттандырарлык абалда;
  • 2558 кишинин абалы орточо оор;
  • 988 адам оор абалда;
  • 201 киши өтө оор абалда өмүр үчүн күрөшүп жатат.

Ал эми үйдө, амбулатордук шартта дарыланып жаткандар аймактар боюнча төмөнкүдөй:

  • Бишкек шаары – 7875 бейтап;
  • Ош шаары – 300;
  • Чүй облусу – 1 327;
  • Ош облусу – 688;
  • Талас облусу – 243;
  • Нарын облусу – 245;
  • Ысык-Көл облусу – 433;
  • Жалал-Абад облусу – 864;
  • Баткен облусу – 1 297.

Соңку суткада Кыргызстан боюнча 969 адамдан коронавирус аныкталып, 14 бейтап көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0