Ошто жарандардын өтүнүчү менен эт арзандай турган болду   

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүБазарда эт сатуу. Архив
Базарда эт сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Жазылуу
Биринчи вице-мэр Замир Юсуповдун айтымында, акыркы апталарда эттин баасы килограммына 460 сомдон 500 сомго чейин көтөрүлдү.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Ошто 30-июлдан тарта эттин баасы килограммына 480 сомго түшөт. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.   

Маалыматка караганда, кечээ, 27-июль күнү, мэрияда эттин баасы тууралуу кеңешме өтүп, ага жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, эт сатуучулар жана фермерлер катышты. Биринчи вице-мэр Замир Юсуповдун айтымында, акыркы апталарда эттин баасы килограммына 460 сомдон 500 сомго чейин көтөрүлдү.  

"Мындан улам шаар тургундары социалдык тармактар аркылуу эттин баасын арзандатуу өтүнүчү менен кайрылууда”, — деди вице-мэр.  

Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Ниязбек Мойдинов аймакта эт олуттуу себеби жок эле кымбаттап кеткенин айтты.   

Кеңешменин жыйынтыгында 30-июлдан тарта эттин килограммын 480 сомго түшүрүү чечими кабыл алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0