Бишкектин вице-мэри сентябрдын аягына чейин УКМКнын тергөө абагына камалды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулу. Архив
Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Жазылуу
Аткаминер 23-июль күнү УКМК тарабынан кафе кожоюнунан аталган жайды түрттүртүп салбаш үчүн 9 миң доллар пара алды деп кармаган.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулу УКМК СИЗОсуна киргизилди. Аны 27-сентябрга чейин камакка алуу өкүмүн Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту чыгарды.

23-июль күнү УКМК мэриянын алдындагы кызматтардын биринин өкүлүн кафе кожоюнунан аталган жайды түрттүртүп салбаш үчүн 9 миң доллар пара алды деп кармаган.

Избранный мэр Бишкека Азиз Суракматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Азиз Суракматов тергөө менен кызматташып, баш коргоо чарасы өзгөртүлдү
Атайын кызматтын билдиришинче, М. А. аттуу кызматкер Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүн реконструкциялоо долбоорун өзгөртүү үчүн кафенин ээсинен 9000 доллар пара алган. Ал үчүн Кытайдан алынган грантка оңдолуп жаткан жолдун чекесиндеги кафени ордунда калтырууну макулдашкан. Бул боюнча далилдүү фактылар алынгандан кийин 23-июлда мэриянын кызматкери кармалган. Ал кафе ээсине 6 миң долларды кайтарып берип жатканда колго түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0