Мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков дүйнө салды

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүГүлдөр. Архив
Гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Жазылуу
Саясатчы Курманбек Бакиев мамлекетти башкарып турган учурунда анын администрациясын жетектеп, президенттин мамлекеттик кеңешчиси болуп эмгектенген.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Саясатчы, мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков 78 жаш курагында көз жумду. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине жакындары тастыктады.

Алардын айтымында, Сыдыков ооруп жүргөн.

Үсөн Сыдыков 1943-жылы Ош облусунун Хиля айылында туулган. 1971-1992-жылдары Лейлек, Базар-Коргон, Кара-Суу райондорунда, Ош облусунда коммунисттик партиянын жетекчилик кызматтарын аркалаган. 1995-жылдан 2000-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2005-жылдан 2006-жылга чейин президенттин администрациясын жетектеген. 2006-жылдан 2008-жылга чейин ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевдин мамлекеттик кеңешчиси болуп эмгектенген. "Жаңы Кыргызстан" партиясынын лидери болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0