Электр энергияны 40 миң калкы бар райондой сарптайт. Майнинг-фермалар тууралуу

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүМайнинг-ферма. Архив
Майнинг-ферма. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Жазылуу
Өлкөдө электр энергиясы тартыш болгондо, "Улуттук Энергохолдинг компаниясы" ААКы майнинг иштерин жүргүзүү максатында техникалык шарттарды берүүгө убактылуу тыюу салган. Бирок ага карабай майнинг-фермалар жашыруун түрдө иш жүргүзүп жатканы маалым болду.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы майнинг-фермалардын иши боюнча түшүндүрмө берип, алар өлкөдөгү энергетикалык кризистин жаралышына себепкер болуп жатканын белгиледи.

Ага ылайык, 2017-жылдан тарта долларга карата криптовалютанын курсу кескин өскөндө Кыргызстанда арзан электр энергиясын колдонгон "майнерлердин" толкуну пайда болгон.

"Майнинг-фермалар электр энергиясын көп сарптайт. Өлкөдө майнинг-фермалардын саны көбөйүп, аны менен катар электр энергиясын керектөө жогорулады. Бул өлкөдөгү энергетикалык кризиске алып келген себептердин бири болуп саналат. Алсак, 10 000 даана майнинг-ферма күнүнө орто эсеп менен 408000 кВт электр энергиясын сарптайт, бул 40 миң калкы бар бир райондун керектөөсүнө барабар", — деп жазылат маалыматта.

Өлкөдө электр энергиясы тартыш болуп жаткандыктан, "Улуттук энергохолдинг компаниясы" ААКы майнинг иштерин жүргүзүү максатында техникалык шарттарды берүүгө убактылуу тыюу салган. Бирок ага карабай майнинг-фермалар жашыруун түрдө иш жүргүзүп келишкен.

Строительство планируемого Бурулдайского водохранилища и незавершенными магистральными каналами Большого Чуйского канала - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Суу тартыштыгы. Чүйдө суу сактагыч жана каналдар курулат
УКМК альтернативдүү энергия булактарынын (жеке чакан ГЭСтер) эсебинен иштеген майнинг-фермалардын иши мыйзамсыз деп эсептелбей турганын айтып, убактылуу тыюу салуу аларга тиешелүү эместигин кошумчалады.

Азыркы тапта УКМК мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг-фермаларды аныктоого, алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0