Айдоочу, көңүл бур! Бишкекте жол эрежесин бузгандарга каршы ири рейд жүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Жазылуу
Рейд учурунда эң оболу мас абалында унаа башкарган айдоочуларды аныктоо иштери жүрөт. Иш-чара бир канча күнгө созулат.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызмат башкармалыгы ордо калаада бир нече күн бою рейд жүргүзүлөрүн билдирди.

Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, иш-чара мас абалында унаа башкарган айдоочуларды аныктоо жана борбор шаардагы жол коопсуздугун камсыз кылууга багытталат.

Кайгуул милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Каргашалуу унаа кырсыктары. Чүй менен Ысык-Көлдө кошумча посттор коюлат
Башкармалыктан билдиргендей, жарым жыл ичинде Бишкек шаарында 1 291 жол-транспорт кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2020-жылдын алты айына салыштырмалуу 319 аварияга көп.

Алты айдагы кырсыктан 1 643 адам жаракат алган. Кайгуул милициясы жол-транспорт кырсыктарына унааны айдоо маданиятынын жоктугу жана жол эрежелери сакталбагандыгы себеп болгонун белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0