Бишкектеги Калкты тейлөө борборунда эмдөө пункту ачылды

© Алессандро Рота / Медиабанкка өтүүCOVID-19га каршы эмдөө учурунда аял. Архив
COVID-19га каршы эмдөө учурунда аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Жазылуу
Республикалык штаб эми бишкектиктер документ үчүн тейлөө борборго келип эле ал жерден эмделип, убактысын үнөмдөөрүн белгиледи.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бишкектеги мурдагы "Эльдорадо" соода жайынын ордуна ачылган Калкты тейлөө борборунда эмдөө пункту ачылды. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Тейлөө борбору Жибек Жолу, 381 дарегинде жайгашкан.

"Эми жарандар убактыларын үнөмдөй алышат. Борборго документин алганы келип эле эмдөөдөн да өтүп алышат", — деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Аталган борбордо 41 кызматкер иштейт, алар күнүнө 1 000-1 200 кишини тейлейт.

Мындан сырткары, Жаш Гвардия проспектинде жайгашкан №3 калкты тейлөө борборунда жана Чокан Валиханов, 2 дарегинде жайгашкан №2 тейлөө борборунда эмдөө пунктуларын ачуу пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0