Президенттин оператору Улан Сатиев КТРК директорунун орун басары болуп бекитилди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин оператору Улан Сатиев. Архив
Президенттин оператору Улан Сатиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Жазылуу
Сатиев буга чейин президенттер Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаровдун оператору болуп эмгектенген.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Улан Сатиев Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директорунун орун басары болуп бекитилди. Бул тууралуу КТРКнын Байкоочулар кеңешинин мүчөсү Жылдызбек Керимбаев Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

"Бүгүн КТРКнын Байкоочу кеңешинин жыйыны болуп, анда көпчүлүк добуш менен Улан Сатиевди башкы директордун орун басары ордуна бекиттик. Аны куттуктап, ийгилик каалап коёлу", — деп жазган Керимбаев.

Белгилей кетсек, Улан Сатиев 23-июндан бери Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директорунун орун басарынын милдетин аткарып жаткан.

Ага чейин ал президенттер Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаровдун оператору болуп эмгектенген.

Жаңылыктар түрмөгү
0