ЖК депутаттары кезексиз жыйындарын аяктап, каникулга тарады

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Жогорку Кеңештин имараты. Архив
Бишкектеги Жогорку Кеңештин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Жазылуу
Эс алуу 1-сентябрга чейин уланат. Эл өкүлдөрү төраганын чакыруусу менен 5-июлдан бери кезексиз жыйында отурушкан.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйындарын аяктап, каникулга тарады.

Эс алуу 1-сентябрга чейин уланат.

Белгилей кетсек, регламент боюнча парламентарийлер июнь айынын аягында каникулга тараган. Бирок төрага Талант Мамытов Кыргызстандагы пандемияга байланыштуу оор кырдаалды эске алып, эмгек өргүүгө чыкпастан, колдонуудагы мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү максатында жаңы мыйзамдарды кабыл алуу зарыл экенин белгилеп, бир айлык мөөнөткө кезексиз жыйынга чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0