Үймө-үй кыдырып эмдөөдө вакцина бузулбайбы? Адистин жообу

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүВакцинация от COVID-19 в ТЦ "Парк-хаус"
Вакцинация от COVID-19 в ТЦ Парк-хаус - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Жазылуу
Дарыгер-эпидемиолог үй кыдырганда вакцина термосумка, термоконтейнерлерге салынарын айтып, анын ичинде температура 2...8 градуска чейин болорун белгиледи.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Республикалык эмдөө борборунун дарыгер-эпидемиологу Азим Кыргызбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине эмне себептен айрым аймактарда медиктер үймө-үй кыдырып вакцина сайып жаткандыгынын себебин түшүндүрдү.

Буга чейин айрым окурмандар медиктер коронавируска каршы вакцинаны үйлөрдү кыдырып сайып жүргөнүн айтып кайрылып, анын канчалык мыйзамдуу экенин сурашкан.

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликалык эмдөө борборунун дарыгер-эпидемиологу Азим Кыргызбаев
Үймө-үй кыдырып эмдөөдө вакцина бузулбайбы? Адистин жообу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Республикалык эмдөө борборунун дарыгер-эпидемиологу Азим Кыргызбаев
"Айрым айылдарда эмдөө пунктулары ачылган эмес. Ошол себептен мобилдик бригада элге үйлөрүнө барып вакцина жасап жатышат. Эмдөө пунктулары ФАПтын баарында уюштурулган эмес", — деди Кыргызбаев.

Ал үйлөрдү кыдырып эмдөө жасоодо вакцина кантип сакталып жатканын да түшүндүрдү.

Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Жапаров: бир бейтапты дарылоого 1 миң доллар кетип жатат, сураныч, эмделгиле!
"Вакцина термосумка, термоконтейнерлерге салынат. Алар ДССУ тарабынан текшерилген. Анын ичинде температура 2...8 градуска чейин болуп турат. Эгер анын капкагын ачпаса, вакцина үч күнгө чейин сакталат, эгер оозун ачса андагы вакцинаны 12 сааттын ичинде колдонуу керек. Бул эрежелердин сакталышын облустук, райондук иммунологдор текшерип турат. Алар термосумка, термоконтейнердин ичине электрондук термометр салып коёт. Ал баарын каттап турат, аны эч ким алдай албайт", — деди дарыгер.

Кыргызбаев мобилдик бригаданын курамында сөзсүз дарыгер болорун айтып, алар эмделе турган адамдын кан басымын, сатурациясын ченеп, макулдугун алгандан кийин гана вакцина жасай аларын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0