Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын кайрадан узун кезеги жаралды

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевКыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу унаалар. Архив
Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Жазылуу
Чек ара кызматы ичинде жүгү жок автоунаалар Казакстанга "Кең-Булуң" пункту аркылуу өтө аларын эскертти.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунда 120га чукул жүк ташуучу унаа кезек күтүп турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жүк ташуучу унаалардын мындай тыгыны жүк ташуу агымы көбөйгөндүктөн улам жаралган. Чек ара кызматы бул кайталанып турган көрүнүш экенин белгиледи.

"Кыргыз-казак чек арасынын башка өткөрүү жайларында автоунаалардын мындай кезек күтүүсү катталган жок", — деп жазылат маалыматта.

Чек ара кызматы ичинде жүгү жок автоунаалар Казакстанга "Кең-Булуң" пункту аркылуу өтө аларын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0