Мэрия: 10 киши чогулса мобилдик топ барып вакцина сайып берет

© Sputnik / Абид Мажар / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер коронавируска каршы вакцина менен. Архив
Медициналык кызматкер коронавируска каршы вакцина менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Жазылуу
COVID-19га каршы эмдей турган кошумча жай Жибек жолу №381 дарегиндеги соода борборунун имаратында жайгашкан.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Мэрия Свердлов районунун аймагында дагы бир эмдөө жайы ачылганын жана коллективде 10 киши коронавируска каршы вакцина алууну кааласа мобилдик топ барып сайып берерин билдирди.

"Свердлов районунун урматтуу жашоочулары, сиздердин ыңгайлуулук үчүн аталган аймакта дагы кошумча эмдөө жайын ачтык. Ал Жибек жолу №381 дарегинде, "Эльдорадо" соода борборунун имаратында жайгашкан", — деп айтылат маалыматта.

Телефон менен колдонуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Эшикке чыгып убара болбойсуз. ПЦР-анализдин жыйынтыгын онлайн билүүгө болот
Шаардыктар аталган жерден саат 8:00дөн 18:00гө чейин вакцина сайдырып кетсе болору кабарланды.

"Эгерде сиздердин жамаатта вакцина алууну каалаган 10 киши болсо, мобилдик топту жиберип эмдөө жасатабыз. Алар вакцинаны санитардык-эпидемиологиялык бардык эрежелерди сактоо менен тез арада сайып беришет", — деп билдирди мэриядан.

Эмделе турган адам өзү менен кошо паспорту болушу шарт экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0