БИШКЕК, 1-авг. – Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада 954 адам коронавирус жуктуруп, 1 497 бейтап сакайды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
COVID-19ду жаңы жуктургандар:
- Бишкек шаары – 582;
- Ош шаары – 8;
- Чүй облусу – 87;
- Ош облусу – 33;
- Талас облусу – 12;
- Нарын облусу – 43;
- Ысык-Көл облусу – 58;
- Жалал-Абад облусу – 73;
- Баткен облусу – 58.
Ал эми айыгып чыккандардын саны 1 497ге жетти. Ушуну менен республика боюнча вируска кабылгандардын жалпы саны 163 846 адам болсо, анын 146 061и сакайып кетти.
Стационарда – 3 759, ал эми амбулатордук түрдө 10 369 адам дарыланып жатат.