Кыргызстанга Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 млн. 250 миң дозасы келди

© Фото / пресс-служба правительства КРКытайдан Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы жеткирилди
Кытайдан Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы жеткирилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
Жазылуу
Ушуну менен Кыргызстан Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 2 миллион 350 миң дозасын сатып алганы айтылды. 150 миң дозаны коңшу өлкө буга чейин акысыз берген.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кытайдан Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба правительства КРКытайдан Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы жеткирилди
Кыргызстанга Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 млн. 250 миң дозасы келди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
Кытайдан Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы жеткирилди

Билдирмеге караганда, вакцина республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган.

Эскерте кетсек, июлдун башында Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алып келинген. Анын 1,1 миллион дозасы сатып алынса, 150 миң дозасы акысыз берилген. Жалпысынан Кыргызстан Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 2 миллион 350 миң дозасын сатып алганы айтылды.

"Министрлер кабинети коронавируска каршы күрөшүүдө жана вакцина алууда көрсөткөн колдоосу үчүн Кытай Эл Республикасына ыраазычылык билдирет", — деп айтылат маалыматта.

Өкмөт элди вакцина алууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0