Пляждагы эс алуучулар менен сүрөткө түшкөн Жапаров менен Ташиевдин видеосу

© Sputnik / Михаил ДудинЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
Жазылуу
Президенттин маалымат катчысы ушул дем алышта Садыр Жапаров Ысык-Көлдө эс алганын, азыр кайрадан Бишкекке келе жатканын билдирген.

БИШКЕК, 1-авг. – Sputnik. Ысык-Көлдүн пляжында эс алып жаткан жарандар менен сүрөткө түшкөн президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин видеосу соцтармакка жарыяланды.

Кадрдан топтолгондор Жапаровду ортого алып сүрөткө түшүп калууга аракет жасап жатышканын көрүүгө болот.

Буга чейин Жапаров менен Ташиевдин көл үстүндө скутер тепкен сүрөтү жарыяланган.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев ушул дем алышта Садыр Жапаров Ысык-Көлдө эс алганын, азыр кайрадан Бишкекке келе жатканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0