Бишкекте Кайгуул милициясына тутулган айдоочулар 1,5 млн. сомдук айыпка жыгылды

© Фото / пресс-служба УПСМ БишкекаБишкек шаарында мас айдоочуларга карата рейд жүргүзүлүп, үч күндө 1 миллион 575 миң сомдук айып салынды
Бишкек шаарында мас айдоочуларга карата рейд жүргүзүлүп, үч күндө 1 миллион 575 миң сомдук айып салынды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
Аталган рейд тынбай жол кырсыгына кириптер болуп жаткан мас айдоочуларды аныктоо максатында жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бишкек шаарында мас айдоочуларга карата рейд жүргүзүлүп, үч күндө 1 миллион 575 миң сомдук айып салынды. Бул туурасында борбор калаанын Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба УПСМ БишкекаЗа три дня в Бишкеке на пьяных водителей наложили штрафы на 1 миллион 575 тысяч сомов
Бишкек шаарында мас айдоочуларга карата рейд жүргүзүлүп, үч күндө 1 миллион 575 миң сомдук айып салынды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бишкек шаарында мас айдоочуларга карата рейд жүргүзүлүп, үч күндө 1 миллион 575 миң сомдук айып салынды
© Фото / пресс-служба УПСМ БишкекаЗа три дня в Бишкеке на пьяных водителей наложили штрафы на 1 миллион 575 тысяч сомов
Бахус аталышындагы рейд 30-июлдан 1-августка чейин өтүп, көчөлөргө посттор коюлган - Sputnik Кыргызстан
2/3
"Бахус" аталышындагы рейд 30-июлдан 1-августка чейин өтүп, көчөлөргө посттор коюлган
© Фото / пресс-служба УПСМ БишкекаЗа три дня в Бишкеке на пьяных водителей наложили штрафы на 1 миллион 575 тысяч сомов
Иш-чаранын максаты — тынбай жол кырсыгына кириптер болуп жаткан мас айдоочуларды аныктоо. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Иш-чаранын максаты — тынбай жол кырсыгына кириптер болуп жаткан мас айдоочуларды аныктоо.
1/3
Бишкек шаарында мас айдоочуларга карата рейд жүргүзүлүп, үч күндө 1 миллион 575 миң сомдук айып салынды
2/3
"Бахус" аталышындагы рейд 30-июлдан 1-августка чейин өтүп, көчөлөргө посттор коюлган
3/3
Иш-чаранын максаты — тынбай жол кырсыгына кириптер болуп жаткан мас айдоочуларды аныктоо.

"Бахус" аталышындагы рейд 30-июлдан 1-августка чейин өтүп, көчөлөргө посттор коюлган. Иш-чаранын максаты — тынбай жол кырсыгына кириптер болуп жаткан мас айдоочуларды аныктоо.

Бишкек — Ысык-Көл унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Ысык-Көлгө бараткан жолдо наркологдордун катышуусунда рейддер жүргүзүлөт
Натыйжада үч күндүн аралыгында ичимдик ичип руль башкарып бара жаткан 90 айдоочу аныкталып, айыпка жыгылган.

Ошондой эле терезесин мыйзамсыз түрдө караңгылатып алган жети, документи жок айдап жүргөн 143 айдоочу токтотулган. Мындан башка дагы 2 399 эреже бузуу катталган.

Аны менен катар  289 машина айып короосуна киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0