Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев

Аскар Акаев: Садыр Жапаров менен жолуктум, ага ыраазымын!

440
(жаңыланган 20:36 02.08.2021)
Мурдагы мамлекет башчы УКМК жетекчисине да рахматын айтып, Кыргызстанга бир жумага келгенин кошумчалады.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен резинденцияга барып жолугуп, ага ыраазычылыгымды билдирдим. Бул тууралуу Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев УКМКнын имаратынан чыккан соң журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Мен бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. Себеби 16 жылдан бери биринчи ирет Ата Журтка, элибизге келип отурам. Ошондуктан мамлекет башчы Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирем. Ал киши менен резиденцияга барып жолугуп, учураштым. "Ушундай жол ачып бергениңизге рахмат" деп ыраазычылыгымды билдирдим. Мен Кумтөр боюнча билгенимдин баарын айтып берип, өлкөгө жардам берем", — деди Акаев.

Мурдагы мамлекет башчы УКМК жетекчисине да рахматын айтып, Кыргызстанга бир жумага келгенин кошумчалады.

Эске салсак, Аскар Акаев Кыргызстанга бүгүн, 2-августта, келди.

440
Белгилер:
Аскар Акаев, журналист, Садыр Жапаров, жолугушуу, ыраазычылык
Тема боюнча
Аскар Акаев УКМКдан чыкты. Видео
Акаев учактан түшүп келе жаткан сүрөт. "Манас" аэропортундагы бүгүнкү ирмем
Көмүр түшүрүп жаткан жумушчу. Архив

Быйыл көмүрдүн баасы кандай болот? Кара алтындын наркына сереп

57
(жаңыланган 17:49 27.09.2021)
Синоптиктер аптанын аягында күн сууктай турганын божомолдоодо. Аба ырайы бузулары менен турак үйдө тургандар арасында көмүргө болгон суроо-талап өсөт.

Быйыл азык-түлүктөн тарта күйүүчү майга чейин кымбаттады. Мунун баары көмүрдүн баасына таасир этпейби? Кара алтындын баасы канча болот, кору жетиштүүбү? Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ушул жана башка суроолорго жооп алып, көмүрдүн наркы, запасына сереп салды.

Бишкек шаарындагы көмүр саткан ишкерлердин айтымында, азырынча ордо калаага Кара-Кеченин көмүрү келе элек. Учурда шаарда Казакстандын Кара-Жыра, Шабыркүл көмүрлөрү эле сатылууда. Алардын бир тоннасы 4 800 сомго бааланып жатканы маалым болду.

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Надырбек Бекжанов былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл көмүр казуу иштери бир аз кечигип жатканын айтып, себебин түшүндүрдү.

"Каражаттын жетишсиздигинен, жайында тоолуу райондорго эки ай тынбай жамгыр, кар да жаагандыктан көмүр кеч казылып калды. Анын үстүнө буга күйүүчү май, тетиктердин кымбатташы да себеп болду. Ага карабай көмүр казуу иштери уланып жатат. Тилекке каршы, көмүрдүн кесегин аныктай албагандыктан, казылган көмүрлөр бир аз майда болууда", — деди Бекжанов.

Анткен менен быйыл өлкөдө көмүр жетиштүү болору белгиленди. Бекжановдун айтымында, жылдан-жылга көмүр көп казылып, жалпысынан өлкөдө кара алтындын алты миллиард тонна запасы бар.

"Бул жылы үч миллион тоннадан ашык көмүр керектелиши күтүлүүдө. Анын ичинен 1 миллион 150 миң тоннасы элге берилсе, 250 миң тонна бюджеттик мекемелерге жумшалат. Калганы ТЭЦке жумшалат", — деди Бекжанов.

Ал учурда ТЭЦти көмүр менен камсыздоо иши жүрүп жатканын айтып, көмүр элге жана бюджеттик мекемелерге 1-октябрдан тарта бериле баштаарын кошумчалады.

"Быйыл күйүүчү майдын жана техникалык каражаттардын кымбаттаганы көмүрдүн баасына да таасирин тийгизбей койбойт. Карьерден чыккан 1 тонна көмүрдүн баасы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан 1 330 сом деп белгиленди. Статистикалык маалымат боюнча, кара алтындын бир тоннасы Нарында 2 500 сомдон 4000 сомго чейин, Чүй өрөөнүндө 4500-4700 сом, Ысык-Көлдө 5000 сомго чейин чыгат. Ал эми өлкөнүн түштүк аймагында 7000-8000 сомго сатылары божомолдонууда", — деди ал.

Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин билдирмеси боюнча, быйыл жергиликтүү көмүрдүн бир тоннасынын наркы 3 620 сомдон 6 500 сомго чейин болмокчу. Мунун ичинде Кара-Кече, Сүлүктү, Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя көмүрү бар.

Ал эми сырттан келген көмүрдүн (Казакстан) бир тоннасы 5000-7000 сомду түзөт. "Кыргыз көмүр" ишканасы азыркы учурда Кыргызстанга Казакстандан көмүрдүн Кара-Жыра, Шабыркүл деген түрлөрү аз-аздан келип жатканын айтып, бирок Казакстан ички керектөөсүн толук камсыздап алмайынча, канча тонна көмүр келери белгисиз экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, өлкөдө көмүрдүн сатыла турган баасын (карьерден чыкканын гана белгилейт — ред.) бир дагы мамлекеттик орган бекитпейт. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги көмүрдүн баасы чектен ашып сатылып жаткан күндө гана өкмөттүн токтому менен көзөмөлгө алат.

Былтыр Бишкекте Кара-Кече көмүрүнүн баасы 3700дөн 4200 сомго чейин сатылса, Казакстандын Кара-Жыра, Шабыркүл көмүрлөрүнүн баасы 4000 сомдон ашкан.

57
Белгилер:
көмүр, баалар, Кыргызкөмүр мамлекеттик ишканасы
Тема боюнча
Кулжыгачов: Бишкек ЖЭБи күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даяр
Кышка даярдык башталды. Бишкек менен Чүйдө электр чубалгылары оңдолот. Сүрөт

Быйылкы мода: этникалык мотив, алтын түс. Италиядагы мода жумалыгынан ирмемдер

20
  • Австралиялык-судандык модель Адут Акеч жарым жылаңач болгон, үстүнө сала коймо кийимди көрсөтүп жатат
  • Көпөлөктөй учкан модель. Италиялык Fendi мода үйүнүн жазгы-жайкы коллекциясы
  • Этникалык мотивде кийинип чыккан сулуу. Милан мода жумалыгындагы дагы бир костюм.
  • Модага сөз жок. Мехтен жасалган жазгы шуба, моделдин бутунда болсо жайкы босоножка...
  • Алтын түстү жакшы көргөндөргө жагымдуу жаңылык. Fendi стилдүү, төгүлүп турган кийимди сунуштады.
  • Агыш кездемеге салынган оймо-чийме жалгыз өзү турса кийимге көрк берет
  • Бул кийимди модага кызыккандардын азганактай гана бөлүгү кийбесе... Мини шуба.
  • Британиялык модельер Ким Жонс аялдар көп жерге кийип барганга жараган ыңгайлуу, көп кырдуу костюмдарга муктаж деп эсептейт. Ал коллекцияларында да ушул принципти карманат.
  • Жарашыктуу кийим. Модельерлер санга чейин жеткен узун өтүктөр кыска көйнөктөр менен жакшы айкалыша тургандыгын көрсөтүп берген.
  • Жеңил жана маанайды көтөргөн түстөр. Италиялык мода үйүнүн жазгы-жайкы коллекцияларынын бири.
  • Fendi сунуштаган жаңы коллекцияда 70-жылдардагы белгилүү иллюстраторлордун бири Антонио Лопестин мотивиндеги кооздуктар да бар
  • Fendi алып чыккан бул сапаркы коллекцияларына 80-жылдардагы моданы эске салган жасалма мехтен тигилген шубалар көп кирген
Миланда 21-сентябрдан бери Мода жумалыгы өтүүдө. Бул "Чоң төрттүктүн" үчүнчү фешн-аптасы. Адатта андагы коллекция көзгө дароо урунуп, көптөрдү кайдыгер калтырбайт.

Пандемия бул тармакка да өзүнүн таасирин тийгизип, кээ бир күндөрдө мода жумалыгы онлайн өттү. Шоу бүгүнкүгө чейин уланат.

Мода майрамын Fendi мода үйү ачып, маанай көтөргөн жазгы-жайкы коллекцияларын тартуулады.

Бул сапар подиумга ырчы Дуа Липа чыгып, тушоосун кести. Себеби ал аталган мода үйүнүн күзгү-кышкы компанияларынын жүзү болгон эле. Андан сырткары, подиумдун көркүн Ирина Шейк, Наоми Кэмпбелл, Жиджи Хадид, Эмили Ратаковски, Мадоннанын кызы Лурдес Леон, Имаан Хаммам жана башка белгилүү моделдер ачты.

Миландагы Мода жумалыгы кандай өтүп жаткандыгын Sputnik сунуштаган сүрөт түрмөктөн көрүңүз.

 

20
  • Австралиялык-судандык модель Адут Акеч жарым жылаңач болгон, үстүнө сала коймо кийимди көрсөтүп жатат
    © AFP 2021 / Tiziana Fabi

    Австралиялык-судандык модель Адут Акеч жарым жылаңач болгон, үстүнө сала коймо кийимди көрсөтүп жатат

  • Көпөлөктөй учкан модель. Италиялык Fendi мода үйүнүн жазгы-жайкы коллекциясы
    © AP Photo / Antonio Calanni

    Көпөлөктөй учкан модель. Италиялык Fendi мода үйүнүн жазгы-жайкы коллекциясы

  • Этникалык мотивде кийинип чыккан сулуу. Милан мода жумалыгындагы дагы бир костюм.
    © REUTERS / Alessandro Garofalo

    Этникалык мотивде кийинип чыккан сулуу. Милан мода жумалыгындагы дагы бир костюм.

  • Модага сөз жок. Мехтен жасалган жазгы шуба, моделдин бутунда болсо жайкы босоножка...
    © REUTERS / Alessandro Garofalo

    Модага сөз жок. Мехтен жасалган жазгы шуба, моделдин бутунда болсо жайкы босоножка...

  • Алтын түстү жакшы көргөндөргө жагымдуу жаңылык. Fendi стилдүү, төгүлүп турган кийимди сунуштады.
    © AP Photo / Antonio Calanni

    Алтын түстү жакшы көргөндөргө жагымдуу жаңылык. Fendi стилдүү, төгүлүп турган кийимди сунуштады.

  • Агыш кездемеге салынган оймо-чийме жалгыз өзү турса кийимге көрк берет
    © AFP 2021 / Tiziana Fabi

    Агыш кездемеге салынган оймо-чийме жалгыз өзү турса кийимге көрк берет

  • Бул кийимди модага кызыккандардын азганактай гана бөлүгү кийбесе... Мини шуба.
    © AFP 2021 / Tiziana Fabi

    Бул кийимди модага кызыккандардын азганактай гана бөлүгү кийбесе... "Мини" шуба.

  • Британиялык модельер Ким Жонс аялдар көп жерге кийип барганга жараган ыңгайлуу, көп кырдуу костюмдарга муктаж деп эсептейт. Ал коллекцияларында да ушул принципти карманат.
    © AP Photo / Antonio Calanni

    Британиялык модельер Ким Жонс аялдар көп жерге кийип барганга жараган ыңгайлуу, көп кырдуу костюмдарга муктаж деп эсептейт. Ал коллекцияларында да ушул принципти карманат.

  • Жарашыктуу кийим. Модельерлер санга чейин жеткен узун өтүктөр кыска көйнөктөр менен жакшы айкалыша тургандыгын көрсөтүп берген.
    © AFP 2021 / Tiziana Fabi

    Жарашыктуу кийим. Модельерлер санга чейин жеткен узун өтүктөр кыска көйнөктөр менен жакшы айкалыша тургандыгын көрсөтүп берген.

  • Жеңил жана маанайды көтөргөн түстөр. Италиялык мода үйүнүн жазгы-жайкы коллекцияларынын бири.
    © AP Photo / Antonio Calanni

    Жеңил жана маанайды көтөргөн түстөр. Италиялык мода үйүнүн жазгы-жайкы коллекцияларынын бири.

  • Fendi сунуштаган жаңы коллекцияда 70-жылдардагы белгилүү иллюстраторлордун бири Антонио Лопестин мотивиндеги кооздуктар да бар
    © REUTERS / Alessandro Garofalo

    Fendi сунуштаган жаңы коллекцияда 70-жылдардагы белгилүү иллюстраторлордун бири Антонио Лопестин мотивиндеги кооздуктар да бар

  • Fendi алып чыккан бул сапаркы коллекцияларына 80-жылдардагы моданы эске салган жасалма мехтен тигилген шубалар көп кирген
    © AP Photo / Antonio Calanni

    Fendi алып чыккан бул сапаркы коллекцияларына 80-жылдардагы моданы эске салган жасалма мехтен тигилген шубалар көп кирген

Белгилер:
Италия, Милан, мода, сүрөт
Тема боюнча
Толук кыз-келиндердин ажарын ачкан купальниктер. Мода жумалыгынан 12 сүрөт
Туман арасынан суурулган сулуулар. Көлдөгү көчмөндөр модасынан 12 ирмем