Штаб: коронавирустан көз жумгандардын 13 пайызы боору жабыркагандар эле

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Жазылуу
Эпидемиолог боор ооругандар коронавируска каршы кайсы учурда эмделип, кайсы мезгилде эмделбеши керектигин түшүндүргөн.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. 2021-жылдын жети айынын ичинде өлкө боюнча 945 адам COVID оорусунан каза болгон. Анын ичинен 121и (13 пайызы) гепатит оорусу менен жабыркап жүргөндөр болгон. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин эпидемиологу Султан Султанбаев билдирди.

Ал гепатит менен ооругандар кайсы учурда эмделип, кайсы мезгилде эмделбеши керектигин түшүндүргөн.

Гепатит менен ооругандарга кайсы учурда вакцина жасоого болбойт?

  • Гепатит оорусунун курч мезгилинде;
  • Өнөкөт оорусу өрчүп турган мезгилде;
  • Цирроз түрү;
  • Фульминанттык формасы;
  • Биохимиялык көрсөткүч жогору болгондо;
  • Боорду трансплантациялоодон кийин;
  • Боордун рак оорусуна айланган учурда.

Дарыгер вакцинаны клиникалык белгилери жок учурда, өнөкөт оорусунун активдүү эмес формасында, ремиссияда жана гепатиттен толук дарыланган соң сайдырса болорун айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0