Телефон жаныңызда турганда эмне тууралуу сүйлөшпөш керек? Эксперттин кеңеши

© AFP / NICOLAS ASFOURIТелефон кармап турган адамдар. Архив
Телефон кармап турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Жазылуу
Эксперт телефон аркылуу сүйлөшкөндө келишимдин баасын айтпоого жана каржылык маселелерди талкуулообоого кеңеш берет.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Смартфон жаныңызда турганда жашыруун маалыматтар боюнча сүйлөшүүнү токтотуш керек. Бул туурасында "Прайм" порталына IT-эксперт Марк Шерман билдирди.

Ар бир адам байкаса керек, кандайдыр бир продукт тууралуу талкуулагандан кийин таң калычтуу жагдайда социалдык тармакта жана издөө системасы ошол темага байланыштуу жарнамаларды көрсөтө баштайт.

"Сиздин сүйлөшүүлөрүңүздү телефон аркылуу күнү-түнү тыңшап турат деген бир дагы далил жок. Көптөгөн изилдөөлөр муну четке кагууга аракет кылды. Ошого карабай телефондун жанында жашыруун маалыматтарды талкуулабай эле койгон дурус", — деди Шерман.

Просмотр матча ЧЕ-2020 по футболу между сборными Швейцарии и Испании - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2021
Адис смартфондун көпчүлүк билбеген пайдалуу кызматтары тууралуу айтып берди
Ошондой эле ал телефон аркылуу сүйлөшкөндө келишимдин баасын айтпоого жана каржылык маселелерди талкулообоого кеңеш берет. Шылуундар ал маалыматты уурдап алып колдонуп кетиши мүмкүн.

Мындан сырткары, эгер өнөктөш же кардарыңыз менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзсөңүз, башка атаандаштарыңыз диалогду угуп калып кардарды өзүнө тартып кетиши ыктымал. Ал кызматташуунун пайдалуураак шартын сунуштап же келишимди бузуп саларын эскертет.

Эксперт мындай көз караш менен караганда сүйлөшүү жүргүзүүгө телефон эң эле кооптуу канал деп эсептейт. Ошондуктан жогорку кызматтагы адамдар бетме-бет сүйлөшүүнү туура көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0