Шире. Архив

Адамды өлүмгө кептеген эртең мененки терс адаттар

387
(жаңыланган 12:45 03.08.2021)
Тамактануу жаатындагы адистер ден соолукка зыян келтирип албаш үчүн эртең менен кайсы тамактардан баш тартуу керектигин санап берди.

БИШКЕК, 3-авг. – Sputnik. Эртең мененки тамактанууга байланыштуу кайсы адаттар адамдын ден соолугуна чоң залака келтирерин адистердин пикирине таянып "Московский комсомолец" басылмасы жазды.

Таңкы азыктардан баш тартуу

Эртең мененки тамак — саламаттык үчүн өтө маанилүү процесс. Күн бою адам кандай маанайды жүрөрү дал ушул тамактанууга байланыштуу болот. Ошондой эле эртең менен наар албаган адамдарда ашыкча салмак пайда болушу толук ыктымал.

Анткени эртең менен тамактанган организм калорийлерди бат сарптайт, глюкозанын деңгээли төмөнүрөөк болот. Ошондой эле күндүн алгачкы азыктарынан баш тарткан кишилерде жүрөк-кан тамыр оорулары пайда болушу мүмкүн.

Колбаса

Колбасаны көпчүлүк диетологдор зыяндуу тамак деп эсептейт. Эртең менен гана эмес, башка учурларда деле күнүнө 25 граммдан ашык колбаса жеген адамда жоон ичеги рагына кабылуу тобокелдиги жогорулай турганы айтылат.

Тамакка чейинки кофе

Британиялык окумуштуулардын айтымында, тура калып кофе ичүү кандагы глюкозаны көбөйтүп жиберет. Андыктан ач карын кофе ичүү сунушталбайт.

Шире

Жер-жемиштин жаңы же кант кошулган ширесин таң атпай ичүү кант диабетинин пайда болуу тобокелдигин 16 пайызга жогорулатат. Андыктан эртең менен клетчаткага бай жемиштердин өзүн жегенден өтөрү жок.

387
Белгилер:
тамак-аш, ден соолук, азык-түлүк, зыян, пайда
Тема боюнча
Дарыгер бөйрөктөгү ташты пайда кылчу азыктарды атады
Суусундук кармаган кыздар. Архивдик сүрөт

Ден соолукту талкалаган суусундук. Дарыгердин эскертүүсү

190
Дарыгер кадимки сууну да качан гана чаңкаганда ичүү керектигин айткан. Бирок аны көп ичүү эмнеси менен кооптуу экендигин тактаган эмес.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Адамдын ден соолугуна коркунуч жаратып, диабеттен тарта онкологиялык ооруну чакырган азыктардын бири газдалган таттуу суусундуктар экенин дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников айтып берген. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Адистин айтымына караганда, баарынан кооптуусу газдалган суусундук.

"Диабетти жаратып, кишини семиртип, акырында онкологиялык ооруга алып барып такайт. Бул чындыгында ден соолукту талкалоочу жолдордун бири. Остеопороздон тарта онкология, жүрөк, кан тамыр ооруларын жаратат", — деп түшүндүргөн Мясников.

Дарыгер кадимки сууну да качан гана чаңкаганда ичүү керектигин айткан. Бирок сууну көп ичүү эмнеси менен кооптуу экендигин тактаган эмес.

Мясников чай менен кофенин пайдалуу жактарын да эске сала кеткен. Кофе жүрөк, кан тамыр илдеттеринин, боор оорунун алдын аларын айтса, көк чайдын онкологияга каршы күрөшүү артыкчылыгын белгилеген.

Буга чейин россиялык онколог Елена Смирнова жоон ичеги рагына кабылуу тобокелчилигин арттырган суусундуктарды тизмектеп айтып берген. 

190
Белгилер:
Россия, ден соолук, суусундук, зыян
Тема боюнча
Боору жарабай калган. 1,5 литр коланы 10 мүнөттө ичкен киши каза болду
Тоолуу аймак. Архивдик сүрөт

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

202
18-октябрда өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +15…+20, Талас, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +14…+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20…+25 градусту көрсөтөт.

Күндүн табы Бишкекте +18…+20, Ош шаарында +23…+25 градус болот.

202
Белгилер:
аба ырайы, октябрь, Кыргызстан
Тема боюнча
Жаан жаабайбы? Бир жумага карата аба ырайы