Кыргызпатент чыгармачыл адамдарды автордук сый акысын алып кетүүгө чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги театрдын сахнасында актёр. Архив
Бишкектеги театрдын сахнасында актёр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Жазылуу
Бүгүнкү күндө 784 автор, аткаруучу жана укук ээлерине 7,5 миллион сом өлчөмүндө сый акы которулганы айтылды.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) музыкалык жана драмалык чыгармалардын авторлору менен аткаруучуларын сый акысын алып кетүүгө чакырды.

Кыргызпатент 2020-жылы чогулган сый акыларды үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта бөлүштүрүп жатканын белгилейт.

"Бүгүнкү күндө ГИПЕРГРАФ автоматташтырылган программасы аркылуу 784 автор, аткаруучулар жана укук ээлерине 7 465 065 сом өлчөмүндө сый акы которулду. Чыгармалары телерадиодо пайдаланылган кээ бир авторлордун мураскерлери менен байланыш жок болгондуктан сый акылары берилбей турат. Ошого байланыштуу алардын тизмесин жарыялайбыз", — деп жазылган маалыматта.

Эгер сиз өзүңүздү жогорудагы бул тизмеден тапсаңыз, Кыргызпатентке кайрылуу сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0