COVID: Бишкек жана Чүйдүн ооруканаларында 4-августта канча бош орун бар. Тизме

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Жазылуу
Чүй облусу менен Бишкек шаарында коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн 16 ооруканада бош орундар бар экени маалымдалды.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Борбор калаа Бишкекте жана жака-белинде коронавирус жуктургандарды кабыл ала турчу ооруканаларда 466 бош орун бар. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалымат бүгүн, 4-август, саат 10:00гө карата берилди.

  • Улуттук госпиталь: урология корпусу — 20;
  • Улуттук хирургия борбору — 15;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 6;
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 53;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 25;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 57;
  • Улуттук кардиология борбору — 19;
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана — 27;
  • Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 53;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 40;
  • Улуттук наркология борбору — 37;
  • Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 17;
  • Аскердик госпиталь — 18;
  • Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбор  — 33;
  • КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 16.
Жаңылыктар түрмөгү
0