УКМК "Кыргыз көмүр" ишканасынын директорун кармады

© AP Photo / Moises CastilloКишенделген адам. Архив
Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Жазылуу
УКМК ИИМдин Криминалдык милиция кызматы менен биргеликте "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схеманы аныктаган.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директору А. К. Ы. менен "Кара-Кече" филиалынын эсепчиси Д. Р. Э. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, УКМК ИИМдин Криминалдык милиция кызматы менен биргеликте "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схеманы аныктаган.

"Кыргыз көмүр" ишканасынын жетекчилиги Кара-Кечеде казылган көмүрдүн көлөмүн азайтып көрсөтүп жүргөн. Кийин ал сырье башка компаниялар аркылуу кардарларга, ошонун ичинде Бишкек ТЭЦине сатылчу. Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын экспертизасынын жайынтыгында жылына 370 миң тонна көмүр кыскартылып келген. Анын баасы 600 миллион сом деп бааланууда", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Тергөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, учурда "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасын Ашырбаев Канат Ыбышевич жетектейт. УКМК берген маалыматтагы инициалдарга анын аты-жөнү туура келүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0