Айсулууга "Ала-Тоого" келип күйөрмандык кылгыла. Мэрия элди чакырды

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги "Ала-Тоо" аянты. Архив
Бишкектеги Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Жазылуу
Мэрия шаардыктарга жана конокторго Тыныбекованын күрөшүн көрүп, күйөрмандык кылууга шарт түзүү максатында борбордук "Ала-Тоо" аянтына LED-экран орноткон.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы спортчу Айсулуу Тыныбекованын Токио Олимпиадасынын финалындагы күрөшүн "Ала-Тоо" аянтындагы LED-экрандан көрүп күйөрмандык кылууга чакырды. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 4-августта, Айсулуу Тыныбекова  кыз-келиндер күрөшү боюнча (62 килограмм салмак категориясында) финалда япониялык Юкако Кавайи менен Олимпиаданын алтын байгеси үчүн ат салышат.

Токио Олимпиадасында коло медалды багындырган Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
UWW: Мээрим Олимпиада медалын тагынган алгачкы кыргызстандык балбан кыз
Мэрия шаардыктарга жана конокторго Тыныбекованын күрөшүн көрүүгө жана ага күйөрмандык кылууга шарт түзүү максатында "Ала-Тоо" аянтына LED-экран орноткон.

Жалпы күрөштөр саат 15:00дө башталмакчы.

Шаар бийлиги бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактап, бет кап тагынууну, аралыкты сактоону жана антисептиктерди колдонууну унутпоону эскертти.

Кыргызстандан Токио шаарында XXXII жайкы Олимпиадага 16 спортчу аттанган. 23-июлда башталган олимп оюндары 8-августта аяктайт. Азырынча Кыргызстандын байге капчыгында күрөш боюнча алган бир күмүш жана бир коло медалы бар. Күмүш байгени өлкөсүнө Акжол Махмудов, ал эми коло байгени Мээрим Жуманазарова тартуулады.

Жаңылыктар түрмөгү
0