5-августта Бишкектин айрым жерлеринде ысык суу убактылуу өчөт

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүСуу алып жаткан адам. Архив
Суу алып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Жазылуу
Ысык суу боюнча шаар тургундарында кандайдыр бир суроо жаралса 1980 кыска номерине же (0312) 61 11 69 телефонуна чалса боло турганы айтылды.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. 5-августта Бишкектин бир нече көчөсүндө ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук түйүнү" ишканасынан билдирди.

Маалыматка караганда, оңдоп-түзөө иштеринен улам саат 8:00дөн 17:00гө чейин Медеров, Шакиров, Таш-Көмүр, Ажыбек баатыр жана Жунусалиев көчөлөрү менен чектешкен райондордо ысык суу жок болот.

Шаар тургундарында кандайдыр бир суроо жаралса 1980 кыска номерине же (0312) 61 11 69 телефонуна чалса боло турганы айтылды.

Компания келтирген ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан кечирим сураган.

Жаңылыктар түрмөгү
0