Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЖаан жаап жаткан учурда. Архив
Жаан жаап жаткан учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Жазылуу
5-августтан 8-августка чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда өзгөрүлмөлүү аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстанда күн эртең 37 градуска чейин ысыйт. Ал эми бейшембиге караган түнү жаан-чачын жаабайт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бейшембиге караган түнү жаан-чачын болбойт, ал эми күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Абанын температурасы Чүй облусунда +31...+36, Таласта +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +32...+37, Ысык-Көлдө +24...+29, Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус ысыйт.

Борбор калаада жаан-чачын жаабайт. Термометр Бишкекте +33...+35, Ош шаарында +35...+37, Чолпон-Атада +24...+26 градусту көрсөтүп турат.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0