Кылкылдап, аянтка батпай. Айсулуунун мелдешин көрүүгө чогулган элдин сүрөтү

722
(жаңыланган 22:24 04.08.2021)
Чогулгандар "Айсулуу, Кыргызстан!" деп кыйкырып жатышты. Балбан кыз өлкөгө Олимпиададан күмүш медаль алып берди.
Айсулуу Тыныбекованын мелдешин көрүүгө Ала-Тоо аянтында чогулган эл
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев

Айсулуу Тыныбекованы Олимпиада оюндарындагы финалда колдоо үчүн миңдеген кыргызстандыктар "Ала-Тоо" аянтына чогулду. Алар "Айсулуу, Кыргызстан!" деп кыйкырып жатышты. Финалдык кармашта кыргызстандык балбан 4:3 эсеби менен япониялык Юкако Каваиге утулуп калды.

Люди на площади во время прямой трансляции финального поединка Айсулуу Тыныбековой на Олимпийских играх в Токио. 04 августа 2021 года
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Алар "Айсулуу, Кыргызстан!" деп кыйкырып жатышты

Токиодогу Олимпиада Кыргызстандын тарыхында эң ийгиликтүүсү болду. Өлкөгө Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова күмүш, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медаль алып берди.

722
Белгилер:
Кыргызстан, Айсулуу Тыныбекова, 'Ала-Тоо' аянты, эл, финал, сүрөт
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (248)
Тема боюнча
О, кудай! Садыр Жапаров жубайы менен Айсулуунун беттешин көргөн видеосу
Айсулуунун жашы токтобой. Бүткүл Кыргызстанды ыйлаткан видео
Боом жолу. Архив

Эскертүү! 20-сентябрдан тарта төрт күнгө Боомдо кыймыл чектелет

10
Жол тазалоо учурунда ары-бери каттаган автоунаалар үчүн трассанын бир тарабы ачык болору айтылды.

БИШКЕК, 17-сен.— Sputnik. Боом капчыгайында келе жаткан жумада таш кулатуу иштери башталарын "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынан билдирди.

Жолчулар 20-сентябрдан 24-сентябрга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 131-чакырымында, тагыраагы, Боом капчыгайында таш кулатуу иштерин жүргүзөт. Мындай иштер таш кулап, кооптуулук жараткан кырдаалды алдын алуу максатында жүргүзүлүп келет.

Аталган иштер күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин болот. Жолду тазалап жатканда ары-бери каттаган автоунаалар үчүн трассанын бир тарабы ачык болору айтылды.

10
Белгилер:
жол, Боом капчыгайы, эскертүү
Тема боюнча
Бишкектин 22 көчөсүнө асфальт төшөлүп жатат. Тизме
Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Алия Шагиева атасы Алмаз Атамбаевге арнап аянтта акция уюштурду. Сүрөт

36
(жаңыланган 16:48 17.09.2021)
Мурдагы президенттин кызы жасаган эмгектерин борбордук аянттагы Айкөл Манастын эстелигинин алдына койгон.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат.

  • Акция Ветер перемен на площади Ала-Тоо в Бишкеке, организованная дочерью бывшего президента Алмазбека Атамбаева Алией Шагиевой
    "Ала-Тоо" аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат
    © Sputnik / Сталбек Абдижалил уулу
  • Дочь бывшего президента Алмазбека Атамбаева Алиа Шагиева на выставке Ветер перемен на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    Ал бул иш-чараны атасынын туулган күнүнө карата уюштурган
    © Sputnik / Сталбек Абдижалил уулу
  • Акция Ветер перемен на площади Ала-Тоо в Бишкеке, организованная дочерью бывшего президента Алмазбека Атамбаева Алией Шагиевой
    Жасаган эмгектерин Айкөл Манастын эстелигинин алдына койгон
    © Sputnik / Сталбек Абдижалил уулу
  • Акция Ветер перемен на площади Ала-Тоо в Бишкеке, организованная дочерью бывшего президента Алмазбека Атамбаева Алией Шагиевой
    Көргөзмөгө Атамбаевдин үй-бүлөсү жана үзөңгүлөштөрү катышууда
    © Sputnik / Сталбек Абдижалил уулу
1 / 4
© Sputnik / Сталбек Абдижалил уулу
"Ала-Тоо" аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Ал бул иш-чараны атасынын туулган күнүнө карата уюштурган. Жасаган эмгектерин Айкөл Манастын эстелигинин алдына койгон.

Көргөзмөгө Атамбаевдин үй-бүлөсү жана үзөңгүлөштөрү катышууда.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн 65 жашка толду, ал туулган күнүн темир тор артында өткөрүүдө. 

36
Белгилер:
'Ала-Тоо' аянты, эстелик, эмгек, сүрөт, көргөзмө
Тема боюнча
Акыйкатчы Токон Мамытов абакта жаткан Алмазбек Атамбаев менен жолукту
Адвокат: Атамбаев, Асанов, Акаев бийликти күч менен басып алууга шектелүүдө