COVID: Бишкек жана Чүйдүн ооруканаларында 5-августта канча бош орун бар. Тизме

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканада дарыгер бейтапка жардам берип жатат. Архив
Ооруканада дарыгер бейтапка жардам берип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
Бишкекте коронавируска кабылгандарды дарылоо менен алектенген ооруканалардын ичинен эң көп орун №1 шаардык клиникалык ооруканда. Ал жерде азыр 73 керебет бош.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Борбор калаа Бишкекте жана жака-белинде коронавирус жуктургандарды кабыл ала турчу ооруканаларда 469 бош орун бар. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалымат бүгүн, 5-август, саат 8:00гө карата берилди:

  • Улуттук госпиталь: урология корпусу — 12;
  • Улуттук хирургия борбору — 21;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 2;
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 50;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 22;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 73;
  • Улуттук кардиология борбору — 20;
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана — 20;
  • Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 35;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 44;
  • Наркология боюнча улуттук борбор — 37;
  • Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 50;
  • Аскердик госпиталь — 25;
  • Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбор  — 37;
  • КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 21.
Жаңылыктар түрмөгү
0