Министрлик: быйыл окшош мектеп формасы талап кылынбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте окуу жылынын башталышы. Архив
Бишкекте окуу жылынын башталышы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
Коронавирус пандемиясынан улам былтыр мектеп окуучулары окшош форма кийген эмес. Министрлик бул жылы да ата-энелерге жеңилдик берүүнү чечкен.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Жаңы окуу жылында окуучуларга окшош форма кийүү талабы коюлбайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Мындай оор кырдаалда ата-энелерге бир аз да болсо жеңилдик берүү үчүн былтыр расмий түрдө окшош форма кийүү талабын алып салганбыз. Болгону асты кара, үстү ак кийим кийип, ал тыкан, таза болсун дегенбиз. Эгер балдарга кийим алып койсоңор, анысын кийгизе бергиле. Форма эски болуп, жаңыга акча жетпей жатса ага каражат коротуп кажети жок. Азыркыдай мезгилде окшош кийинбей деле окуса болот", — деди Жусупбекова.

Буга чейин министрдин орун басары окуучулар 1-сентябрдан тарта кандай тартипте окуй турганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0