Майыптыкка чейин жеткирет. Эпидемиолог коронавирустун кесепеттерин эске салды

© Sputnik / Андрей Каспришин / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер ооруканада иш учурунда. Архив
Медициналык кызматкер ооруканада иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Жазылуу
Ал белгилегендей, вирус жуктурган бейтаптарда ооруканага жаткан-жатпаганына карабастан узак убакыт клиникалык көрүнүштөр болот.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Коронавирус инфекциясы өпкөдө кесепети оор илдеттерди пайда кылып, инфарктка жана инсультка алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новостиге Роспотребнадзор  эпидемиологу Антонина Плоскирева айтып берди.

"Коронавирустун айынан өпкөдө фиброздун пайда болушу жана жүрөк оорулар  бейтаптарды майыптыкка чейин алып келиши мүмкүн", — деген Плоскирева.

Ал белгилегендей, вирус жуктурган бейтаптарда ооруканага жаткан-жатпаганына карабастан узак убакыт клиникалык көрүнүштөр болот. Анын ичинде жөтөл, респиратордук белгилер, астеникалык синдром байкалат, тагыраагы, адам катуу чарчап, уйкусу качып, маанайы чөгөт.

Адис көпчүлүк бейтаптарда мындай өзгөрүүлөр бир катар ооруларды чакырарын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0