Ысык-Көлдө баасы 100 млн. сомдон ашкан жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

© Sputnik / Михаил ДудинЫсык-Көлдөгү пляж. Архив
Ысык-Көлдөгү пляж. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Жазылуу
Жер тилкесин мамлекетке алуу максатында облустук прокуратура сот органдарына доо арыздар менен кайрылып, ал бардык инстанциялар тарабынан канааттандырылган.

БИШКЕК, 6-авг — Sputnik. Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан баасы 100 миллион сомдон ашкан 10 гектер жер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

"Кара-Ой айыл өкмөтүнүн 1999-жылдын 31-мартындагы токтому менен ошол эле айылдагы "Каухар" пансионатына жакын жайгашкан 10 гектар жер тилкеси мыйзам бузуу жолу менен Ш.Э. аттуу жарандын жеке менчигине берилип кеткендиги аныкталган", — деп айтылат билдирүүдө.

Сөз болуп жаткан жер тилкесин кайра алуу максатында облустук прокуратура сот органдарына доо арыздар менен кайрылып, ал бардык инстанциялар тарабынан канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде менчикке мыйзамсыз берилип кеткен 101 миллион 641 миң сомдук жер мамлекеттин балансына кабыл алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0