Марипов Соцфонд менен жыл соңуна чейин пенсияны жогорулатууну талкуулады

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жыйын учурунда
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жыйын учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Жазылуу
Социалдык фонддун төрагасы пенсиялык камсыздоо системасында реформалоо жүрүп жатканын, анын ичинде процедураларды жөнөкөйлөштүрүү камтылганын белгилеген.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиевди кабыл алып, жыл соңуна чейин пенсияны жогорулатуу маселесин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Кеңешменин жүрүшүндө аталган фонддун иши, анын ичинде пенсиялык камсыздоонун учурдагы абалы каралган.

"Социалдык фонддун төрагасы Орозалиев үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин пенсияларды жогорулатуу механизмдери жана пенсиялык камсыздоо тутумун реформалоонун негизги артыкчылыктары, анын катарында пенсияны чегерүү иштерин жөнөкөйлөштүрүү тууралуу айтып берди", — деп жазылган маалыматта.

Марипов белгилегендей, пенсиялык камсыздоо системасын реформалоо жарандарга карата акыйкаттуу болуп, мурда төлөнгөн суммага шайкеш пенсия менен камсыздоосу тийиш.

Жаңылыктар түрмөгү
0