Психолог алдамчылар адамдын кайсы алсыз жагын билип пайда табарын айтты

© Фото / Pixabay / MimzyТелефон менен сүйлөшүп жаткан киши. Архив
Телефон менен сүйлөшүп жаткан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Жазылуу
Анастасия Лысакова эркектердин талуу маселеси каражат, жумуш экенин билдирген. Алардын басымдуу бөлүгү "айлыгы жакшы иш" деген сунушту укканда эч нерсеге карабай калат.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Психолог Анастасия Лысакова алдамчылар адамдардан акча өндүрүп алуу үчүн алардын алсыз жактарын колдонууга аракет кыларын айтып, адамдын үч талуу маселесин атады. Адистин эскертүүсү РИА Новостиге жарыяланды.

Психологдун айтымында, алдамчылар атайын калыпка салынган системалар менен иштейт. Алардын бир ыкмасы — адамдардын талуу жерине тийүү. Маселен, аял кишилер көбүнчө үй-бүлө куруу маселесинде алданат.

"Ажырашкан аялдар же 35, 40 жаштан ашкандарды алдамчылар көп учурда түгөй таап берүү агенттиктерине чакырышат. Албетте, алар фейк болот. Алдамчылар мында аялдын көйгөйүн чечпей эле пайда көрүүгө аракет кылышат", — деген психолог.

Жыйналбаган бөлмө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Психолог жыйналбаган үй адамга кандай зыян келтирерин айтты
Анастасия Лысакова эркектердин талуу маселеси каражат, жумуш экенин билдирген. Алардын басымдуу бөлүгү "айлыгы жакшы иш" деген сунушту укканда эч нерсеге карабай калат.

"Көпчүлүгү жеңил жол менен көп акча табууну каалайт. Ошол себептен кумар оюндарына негизинен эркектер берилип кетет. Бул дагы алдамчылыктын бир жолу болуп эсептелет", — деди адис.

Жашы өтүп калгандар үчүн ден соолук маселеси биринчи орунга чыгат. Писхологдун айтымында, алдамчылар бул жерден да пайда табууну көздөшөт.

"Медициналык клиникадан чалып, кандайдыр бир оору аныкталганын айтышат. Алдамчылар бул учурда кымбат препаратты сунуштай калып, аны ичсе эле адам куландан соо айыгып кетерин айтышат. Бул учурда ооруп жаткан адам акыркы тыйынын берүүгө даяр болуп калат",— деди адис.

Психолог алдамчылардын кылтагына түшүп калбоо үчүн адам жакшылап ойлонушу керектигин сунуштаган. Эгер кимдир бирөө чалып тезирээк ойлонуп, акча бере сал десе,  демек, ал сөзсүз алдамчы. Ошол себептен психолог дароо чечим кабыл ала калбай, ойлонуп иш кылууну эскерткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0