Лейлекте эл алтын кенин иштетүүгө каршы чыгып, жол тосту. Видео

© Sputnik / Эмиль СадыровИсфана шаарындагы жол. Архив
Исфана шаарындагы жол. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Жазылуу
Жол тоскондор менен жолугуу үчүн Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнөп кеткен.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бүгүн, 6-август күнү, Лейлек районунун жашоочулары Ош — Баткен — Исфана жолун тосушту. Маалыматты райондук администрациядан тастыкташты.

Билдирмеге караганда, 6-август күнү эртең менен саат 8:30дар чамасында Катраң айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылынын 50гө чукул жашоочусу Ош — Баткен — Исфана жолун тосушкан.

"Учурда эки тарапка тең унаалар өтө албай турат. Чогулгандардын саны азыр 100дөн ашты. Алар Катраң айыл аймагында алтын кенин иштетип жаткан "Апрельское" ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылышууда. Жергиликтүү эл алтын кен ичүүчү таза сууну булгай турганын белгилешкен", — деп айтылат маалыматта.

Чогулгандарга жергиликтүү укук коргоо органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы маалым болду. Жол тоскондор менен жолугуу үчүн Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнөп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0